Коом

Эмгек министрлиги иш издегендерге керектүү тиркемелерди сунуштады

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги өлкөдө иш издеп жүргөндөр үчүн иштелип чыккан тиркемелер тууралуу маалымат берди.

Министрлик zanyatost.kg сайтынын мобилдик версиясын, ошондой эле «Электрондук эмгек биржасы» мобилдик тиркемесин иштеп чыккан.

«Бул тиркемелерди жүктөп алуу менен сиз жумушка орношууга жардам берчү кызматтарды онлайн режиминде ала аласыз», — деп айтылат министрликтин маалыматында.

Жумуш издеп жүргөндөр zanyatost.kg сайтынан да керектүү маалыматтарды таба алышат. Ал жактан бош орундар, жумуш издеп жаткандар тууралуу маалымат ала аласыз. Ошондой эле иш табууга керектүү видеолор да жүктөлүп турат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button