Коом

Кыргызстанга кыпындай жакшылык кылбаган Каптагаев элге акыл үйрөтпөй эле койсо…

Жанагы бир икая бар эмеспи,  “эл чүйлөсө чүйөчүн, сен эмнеге сүйлөйсүң”-деген. Укпасаңар кыска айтып койойун: Бир чалдын үч майып кызы болуптур. Майрык, маңка анан чулдур… мына ошол үч кызына жуучу келе жатканын угуп, тигил чал кыздарын эч нерсе деп үн катпагыла анткени силердин майып экениңерди билип албай кетип калат дейт имиш… Анан тигил жуучу келип, буту майрыкты бери келчи десе, анысы “Жок барбайм”-деп сүйлөп жиберет. Аңгыча анын жанында турган маңка кызы, маңкаланып “Атам бизди сүйлөбө”-дебеди беле десе, чулдуру да жөн калбай “эл чүйлөчө чүйлөчүн сен эмнеге чүйлөйчүң”-деген экен, тигил жуучу артын карабай качып жөнөптүр.

Анысы сыңарындай, ушул уБактылуу өкмөттүн мүчөлөрү “моралдык майыптар, эски саясаттын калдыктары”, акыл үйрөткөндө күйбөгөн жериң күл болуп, эл сүйлөсө да ушулар сүйлөбөй эле койсо дейм да. Мамлекетти болушунча талап тоношуп, кресло бөлүштүрүп, бармактарын жалмаңдашкан немелер 2010-2020 жылдары эмнени кыйратышты?

Экономиканы өлтүрүштү, карызга белчеден батырышты? Бир эле мисал 2010-жылы салыктан 11 млрд сом чогултушуптур… Калганы кайда? Калганы чөнтөктө да! Мына ушундай жегичтердин айынан мамлекетибиздин активдери 10 жыл ылдый түшүп 6 миллиард сомду түзүп калган болсо, акыркы 3 жылда 46,7 миллиард сомго же 8 эсеге жогору көтөрүлүп отурат.

Каптагаев ошол замандын  өкүлү. Ал 2010-жылдан кийин, Президенттин Аппаратын жетектеди, губернатор болду. Башка иштерге аралашты. Эми кой ушул биз өнүктүрө албай, мамлекетти жептирбиз деп уялып калгандын ордуна Туунун өзгөрүшүн кадимки “сперматозоидге” салыштырып, сындап отурат. Просто,  жаакка чапкың келет го чиркин!

Каптагаев капталдан чыга калып, какшыктагансып турганын кара… Бу уБактылуу Өкмөттүн өкүлү болуп эмнени кыйратты эле ыя? Ошондо деле оюнун баары өзү айткан “уруктукта” болгонбу же?

И баса “Кумтөр” элдики деп Ысык-көлдүктөр түп көтөрүлө митингге чыгып, күйүп бышып жатканда бу Каптагаев губернатор болуп, жылуу кабинетинде улам улам Атамбаевке отчет берип отурбады беле?

Анан калса, Атамбайып көчүккө тээп, жумуштан түшүрүп салгандан кийин, ага өчөшүп гана башкача сайрап калганын билебиз.

Мына ушундай, Кыргызстанга кыйратып жакшылык алып келбеген Каптагаев бүгүн бизге акыл үйрөткөндүн оордуна, шапкесин баса кийип элден оолак жүрүш керек эле негизи…

Күч органдагы Каптагаевди да казып көрсөңөр боло, муну ар кимге акыл үйрөттүрбөй. Баягы Ысык көлдө пансионаттарды колун салып жибергенин да уккан элек…

Садырбек Калдарбаев, ардагер

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button