Коом

Кыргыз-тажик чек арасындагы Ворух – Ходжаи-Аало жолдорун колдонуу боюнча тараптар бир чечимге келишти

Бул тууралуу Тажикстандын УКМК төрагасы Саймумин Ятимов Камчыбек Ташиев менен жолугушуудан соң билдирген.   

«Негизги эки көйгөй боюнча принципиалдуу чечимге келдик. Биринчиси Ворух-Хожайло  жолуна тиешелүү, бул боюнча маселе чечилди деп эсептейбиз. Экинчи маселе – мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо. Бул Кыргызстан тарабынан колдонулган Тажикстандын аймагындагы объектилер. Ошондой эле Тажикстан тарабынан колдонулган Кыргызстандагы объектилер. Бул жагдайда да принципиалдуу чечимге жетиштик», – деди ал.  

Ямитов тараптар өздөрү колдонуп жүргөн объектилерге туруктуу, үзгүлтүксүз кире алышарын, ал эми ар бир объект жайгашкан жерлер кайсы өлкөнүн аймагында жайгашса ошол бойдон каларын сүйлөшүшкөнүн айткан. Мындан тышкары Төрт–Көчө аймагы да ушундай принцип менен колдонуларын белгиледи.  

Ташиев тараптардын кийинки жолугушуусу Баткен облусунда болорун белгилеп, анда башкы маселелер караларын айтты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button