Коом

Жалал-Абадда Алайдын көмүрү 6 миң сомдон сатылууда

Жалал-Абад шаарынын Курманбек көчөсү №8 дарегиндеги муниципалдык базарда арзан баадагы көмүр сатуу уланып жатат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда базарга Ош облусунун Алай районунан сапаттуу көмүр алып келинип, бир тоннасы 6 миң сомдон сатылууда. Бул баа көмүр саткан менчик жайлардан 2-2,5 сомго арзан.

Көмүр элдин суроо-талабына жараша кыш мезгилинде үзгүлтүксүз негизде сатылып турат.

Көмүр саткан жай эртең мененки саат 8:30дан кечки саат 18:00гө чейин иштейт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button