Коом

Кошунасына тынчтык бербей, ызы-чуу кылгандар айыпка жыгылат

Мыйзам долбоорун депутат Дастан Бекешев коомдук талкууга койду. 

Көп кабаттуу үйгө түнү менен адамдарды чакырып, чуру-чуу түшүп, музыка коюп, курулуш иштерин жасагандарга милиция чара көрө албай жатканы белгиленди. 

Ал эми үйгө жанаша жайгашкан оюн-зоок жайлары, кафе, бар жана ресторандар тынчтык бербеген учурда Санэпид көзөмөл департаментине кайрылуу шарт. Бирок аларды түнкүсүн чакыруу мүмкүн эмес. Муну жүйө келтирген депутат аларды көзөмөлдөө укугун ИИМге өткөрүп берүүнү демилгеледи.

Мыйзам долбоору колдоо тапса кошунасынын тынчын алган жеке жактарга 2000, юридикалык тараптарга 10 миң сом айып салынат. Анда дагы токтобосо 10 жана 28 миң сомдук айыпка жыгылышат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button