Коом

Мигранттар Кыргызстандын кайсы аймагына эң көп акча которот?

Кыргызстандын экономикасында чет өлкөдөн акча которуулардун орду чоң. Кыргызстандык миңдеген мигранттар чет өлкөдөн акча жөнөтүп, үй-бүлөсүнө жардам берүүдө. Акча которуулар стратегиялык мүнөзгө ээ деп айтууга болот.

Акыркы тогуз айдын статистикасына ылайык, коммерциялык банктардын отчетунан белгилүү болгондой, жеке адамдар Кыргызстанга 125 млрд 470,4 млн сом которгон. Анын ичинен үстүбүздөгү жылдын июль-сентябрь айларында 43 млрд 950,8 млн сом которулган. Бул жерде трансферттердин көлөмү 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 26 млрд сомго же 37,1%га азайгандыгын айтууга болот. Быйылкы жылдын тогуз айын өткөн жылдын тогуз айына салыштырсак, акча которуулар 197,6 млрд сомдон 36,5%га кыскарган. 

Кыргызстанга которулган акчалардын көлөмү өлкөнүн бардык аймактарында кыскарган. Антсе да, быйыл жыл башында өлкө ичинде Бишкектен башка бардык аймакта (-4,1%) акча которуулардын жалпы көлөмү көбөйгөн. Эң байкаларлык өсүш Талас (2023-жылдын үчүнчү чейрегинен 2023-жылдын биринчи кварталына карата +88,4%), Ысык-Көл (+53,9%) жана Баткен (+33,1%) облустарында белгиленди.

Ошол эле учурда, бул аймактарга акча которуулардын олуттуу өсүшүнө карабастан, алар чет өлкөдөн которулган акчанын көлөмү боюнча төмөн. Которулган акчалардын басымдуу бөлүгү, 60%дан ашыгы (78,3 млрд сом) Бишкек жана Ош облусуна туура келген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button