Коом
Мамкатчы:Элдик Курултайга атайын ардактуу конок чакырылбайт

Мамкатчы Сүйүнбек Касмамбетов өткөн жылы ага 1000 делегат катышса, быйыл алардын саны 700дөн ашпай турганын айтты.
Ал айрым коомдук ишмерлер президенттин администрациясына Курултайга катышуу үчүн атайын тизме түзүү сунуштаганын айтты. Касмамбетов быйыл ардактуу коноктор болбой турганын кошумчалады.
Курултай 15-16-декабрь күндөрү президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Бишкек шаарында өтөт.



