Коом

Министр Догдуркүл Кендирбаева Жети-Өгүз районундагы орто мектепке барды

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Жети-Өгүз районунун Желе-Дөбө айылындагы Б.Исмаилов атындагы орто мектебине барды.

Ведомстводон билдиришкендей, орто мектептин I корпусу 1976-жылы курулса, 125 орундуу II корпусу 1987-жылы курулган. Учурда мектепте 215 окуучу билим алып, 24 мугалим эмгектенет. Мектеп стандартка жооп бербегендигине байланыштуу 275 орундуу типтүү мектепке муктаж.

2023-2024-окуу жылында жергиликтүү бюджеттин эсебинен жалпы сметалык баасы 36 млн 300 миң сомду түзгөн жаңы спорт залдын курулушу башталган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button