Коом
ЖЭБдеги авария. Учурда 1,1 миң адам жана 32 техника күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат

Бүгүн, 5-февралда саат 16:30га карата Бишкек Жылуулук электр борборундагы өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуга жалпы 1109 адам, 32 техника тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинде ӨКМден 55 куткаруучу 9 техникасы менен ЖЭБдин имаратынын аймагын тазалап, жылуулоо ишин улантууда.
Ошондой эле жалпы кызматкерлер үчүн жылууланган 5 чатыр тигилген.
Министрлик кошумча маалымат берилерин билдирет.
Эскерте кетсек, 2-февралга караган түнү болжол менен саат 03:00дө Бишкек ЖЭБинде авария катталып, жабдуулар иштен чыккан. Беш кызматкер жабыркап, ооруканага түштү.



