Коом
Бүгүндөн тарта 20, 50 жана 100 сомдуктун жаңы купюрасы жүгүртүүгө чыкты — ФОТО

Бүгүндөн тарта 20, 50 жана 100 сом номиналындагы жаңы банкноталар жүгүртүүгө киргизилгенин Улуттук банк билдирди.
Бул улуттук валютанын бешинчи сериясы, былтыр азыркыдан кесегирээк купюралар жаңыланган.

Банкноталардын негизги түсү, көлөмү жана Кыргызстандын тарыхый-маданий мурасын чагылдырган сюжетинин багыты өзгөрүүсүз калды. Алар заманбап коргоо элементтеринин үч деңгээлден турган комплексин камтыйт.

«Кыргызстандын жаңы банкноталарындагы коргоо элементтери аны жасалмалоодон мыкты коргойт. Бешинчи сериядагы акчалар жүгүртүүгө акырындап, эски банкноталардын запасы азайганына карап киргизилмекчи», — деп айтылат маалыматта.



