Коом

Оштогу Учар көрүстөнүн рекультивациялоо иштери башталды

Ош шаарынын Мамыров көчөсүндө жайгашкан Учар көрүстөнүндө рекультивациялоо иштери башталды.

Шаардык муниципалитеттен билдиришкендей, аталган көрүстөнгө акыркы жолу 50 жыл мурун, 1975-жылы сөөк көмүлгөн. Ал эми, алгачкы жолу качан сөөк коюлганы белгисиз.

Белгиленгендей, Учар көрүстөнүнүн жалпы аянты 2 гектар 14 сотых.

«Ош шаарында эски көрүстөндөрдү коомдук муктаждыктар үчүн кайра пайдалануу максатында рекультивациялоо иштери жүргүзүлүүдө»,-деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Back to top button