УКМК: Базар-Коргон районунда “Хизбут-Тахрир аль Ислами” диний-экстремисттик уюмунун төрт активдүү мүчөсү кармалды — ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз борборунан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, 2023-жылдын 19-октябрында Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин 2-бөлүмүндө (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында “Хизбут-Тахрир-ал-Ислами” ДЭУнун Базар-Коргондогу ячейкаларынын активдүү мүчөлөрү К.М.И., И.М.М., Н.М.К. жана Х.Я.A. кармалды.
Кармалгандар “Хизбут-Тахрир-ал-Ислами” ДЭУнун активдүү мүчөлөрү экени жана экстремисттик идеологияны жарыялоо жана жайылтуу, ошондой эле алардын катарына жаңы тарапкерлерди тартуу боюнча иштерди жүргүзүшкөнү аныкталды.
Аталган адамдардын жашаган даректеринде жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында “Хизбут-Тахрир-ал-Ислами” ДЭУга тиешелүү диний-экстремисттик адабияттар жана баракчалар табылып, алынган материалдардын негизинде соттук-диний экспертиза дайындалды.
Кармалгандар КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагына киргизилип, тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Булак: Abal.kg





