Коом

Яндекс компаниясы бир жылда Кыргызстанга 328 миллион сомдон ашуун салык төлөгөн

2023-жылы Яндекс компаниясы Кыргызстанда 328 миллион сомдон ашуун каражатты салык катары төлөгөн. Бул тууралуу компаниянын Кыргызстандагы жетекчиси Тилек Сулайманов Kaktus.mediaга берген маегинде белгиледи.

Айтымында, үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында 222 миллион сомдон ашуун салык төлөндү.

«Яндекс компаниясы өлкөдө иштеп жаткан сервистерди өнүктүрүүнү пландоодо. Ошондой эле кыргызстандыктардын суроо-талабын эске алуу менен жаңы нерселерди ишке киргизүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн издеп жатат», — деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Яндекс Кыргызстанда шаардык, көңүл ачуучу жана билим берүү сервистерин иштетип жатат. Андан сырткары кайрымдуулук иштери менен алектенет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button