Коом

21-январга карата аба ырайы

Синоптиктердин маалыматына ылайык, 21-январда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Күндүз Талас, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн −2…-7, күндүз 2…7;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…5;

Нарын облусунда түнкүсүн −14…-19, күндүз 0…-5

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2° суук, күндүз 6…8° жылуу болот.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button