Коом
Бишкектин борборундагы курант 1,5 млрд сомго сатылат

Курант жайгашкан “Кыргызтелекомдун” имараты “Айыл Банкка” сатылмай болду. Объект 1,5 млрд сомго бааланган.
Бул компаниянын чыгымдарын кыскартып, каражатын сарамжалдуу колдонуу үчүн жасалганын ишкананын өкүлдөрү билдирди. Ал эми имаратты оңдоп-түзөөгө жылына 20 млн сом сарпталарын “Кыргызтелеком” билдирди. Ал жерде иштеген кызматкерлердин саны эки эсе кыскарып, имараттын 37% гана пайдаланылууда. Кеңсенин калганы бош турат же ижарада.