Коом
Бишкек ШИИБдин башчысы мектепте сабалып, кийин ооруканада каза болгон Аннастын ата-энеси менен жолугушту

Бүгүн, 13-февралда борбордук милициянын башчысы Азамат Токтоналиев, 4-февраль күнү медициналык мекемеде көз жумган Аннастын ата-энеси менен жолугушту. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
«Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчилиги, баланын ата-энеси тарабынан айтылган бардык арыз-даттанууларын угуп, окуянын бардык жагдайларын тактоо үчүн тергөө иш-чаралары толугу жүрүшү катуу көзөмөлгө алынып, мыйзам бузуулар аныкталса, катуу чаралар көрүлөрүн белгиледи», — деп жазылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, козголгон кылмыш иши боюнчатергөө амалдары, Бишкек шаарынын ИИББнын Тергөө кызматында каралат.



