Коом
Быйыл Орозо 1-мартта башталат
Орозо кармачулар үчүн атайын календарь даярдадык. Анда Кыргызстандагы бардык региондордо ооз качан бекип, качан ачылары көрсөтүлгөн.
Ооз бекитүү дубасынын мааниси
Алла Тааланын ыразычылыгы үчүн таң аткандан күн батканга чейин Рамазан айынын орозосун кармоого ниет кылдым
Ооз ачуу дубасынын мааниси
Алла Таалам, Өзүңө чындап ишендим, Өзүңө таяндым, Өзүң берген ырыскы менен ооз ачуудамын. Баштан аяк кетирген ката, күнөөлөрүмдү кечир