Коом
Бишкекте жолбун иттерди атпай, бычтыруу пландалууда

«Тазалык» ишканасынын директору Жолдош Чуштуковдун айтымында, бир жаныбарды атууга 417 сом каралган.
“2025-жылдын бюджетинде жолбун иттерди атууга 7 млн 433 миң сом каралган. Анын ичинен 4,2 млн сому эле кызматкерлердин айлыгы. Бирок бул ыкма жардам бербей, жылдан-жылга бул жаныбарлардын саны көбөйүүдө. Мындан улам жолбун иттерди милдеттүү түрдө бычтырууну пландап жатабыз«, — деди Чуштуков Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестиция боюнча комиссиясынын жыйынында.



