Темирлан Султанбеков ачкачылыкты токтотту

Саясий куугунтукка каршы 100 күндөй ачкачылык кармаганын айткан Султанбеков ачкачылыкты токтотуп турууга бир нече себеп бар экенин айтты:
• Медициналык текшерүү анын ден соолугу солгундап, тез арада дарылануу керектигин көрсөткөн;
• Ал көп жылдан бери орозо кармагандыктан, быйыл да орозо тутат;
• Туугандарынын, жакындарынын, жарандардын, партияларташырынын, чет элдик кесиптештеринин ачкачылыкты токтотуу тууралуу кайрылууларына кулак салууну чечкен.
Ал ден соолугун оңдоп алып, Орозо кармай турганын, андан кийин болушунча эртерээк ачкачылыкты улантарын айтты.
Эскерте кетсек, Султанбеков былтыр 17-ноябрдагы шайлоонун алдында эки партиялашы менен добуш сатып алууга шектелип кармалган.
Султанбеков ага козголгон кылмыш ишин, камалышын саясий буйрутма деп атап келет. Ошондой эле мыйзамсыз кармалып, укугу тебеленип жатканын айткан саясатчы каршылык катары ачкачылык кармай баштаган. «Азаттык» жазгандай ал суу, «Аралаш» суусундугун жана шире гана ичип жаткан.