Коом
УКМК: Баткен шаарындагы мыйзамсыз чыгарылган май заводу мамлекетке кайтарылды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.
КР УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Баткен шаарында жайгашкан май заводун жоопкерчилиги чектелген коом тарабынан жеке менчикке мыйзамсыз чыгаруу фактысы аныкталды.

Маалыматта айтылгандай, автоматташтырылган маалыматтык системасындагы «кылмыштардын бирдиктүү реестри» маалыматтарды эсепке алуу журналына катталган материалдардын алкагында жүргүзүлгөн тергөө-оперативдүү иш-чаралардын натыйжасында жогоруда аталган уюм өз аракеттеринин мыйзамсыздыгын моюнга алып, ыктыярдуу түрдө заводду мамлекеттин балансына өткөрүп берди.

УКМК жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылган социалдык инфраструктура объекттерин жана жер тилкелерин аныктоо боюнча иштерди улантууда.



