Коом

Түркия өкмөттү «Сапатты» саясатка айлантканын качан токтотот?

Түркия лидери Режеп Тайып Эрдоган башында турган Түркия бийлиги  Фетхуллах Гүленге ѳчѳшүп, ал негиздеген билим берүү мекемелеринин иштерин токтотуу аракеттерин дале жүргүзүүдѳ.

Буга чейин «Сапат» билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыны Кыргызстандан  табышмактуу жолдор менен алып чыгып кетишип, максаттарына жетишкен болсо, эми Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги атайын Кайрылуу жасап, анда «Сапат» түзүмүндѳ иштеген кыргыз жарандарына Түркиянын мыйзамдарынын чегинде  чараларды кѳрүшѳрүн эскертип, «Сапаттын» мектептерин жапкыла дегенди кыргыз бийлигине кыйытып билдирди.

Албетте, муну  башка ѳлкѳнүн ички ишине кийлигишүү дегенден башкача баалоого болбойт. Кыргызстандын жарандарына чара кѳрүүгѳ Түркиянын  кандай акысы бар? Бул башка ѳлкѳнүн ички ишине кийлигишүү!  «Сапатта» иштеп жатышкан педагогдордун Фетхуллан Гүленге кандай тийешеси бар? Алар окуучуларга билим берип, ал үчүн мыйзам чегинде айлыктарын алып, иштеп келатышкан адистер. Алардын Фетхуллах Гүлен менен иштери да жок. Алардын баарын Гүленге байланыштырып, педагогдук ишмердиктерине экстремисттик түс берүү – бул Түркиянын  чектен чыккандыгы, ашкере саясаты.

Элчиликтин Кайрылуусунда:  «Сапаттын» мектептеринен түшкѳн кирешелер ФЕТО уюмунун мыйзамсыз иштерине жумшалат» деп айтылыптыр. Буга ким ишенет? «Сапат» киреше кѳрүүчү коммерциялык мекеме эмес. Сапаттуу, заманбап билим берүүчү түзүм. Окуу үчүн тѳлѳнгѳн акылар педагогдордун маяналарына, сапаттуу билим берүүгѳ зарыл муктаждыктарга,   лицейлердин шарттарын жакшыртууга, окуу жабдуулары менен камсыз кылууга жумшалат. Б.а. «Сапат» ата-энелердин тѳлѳгѳн акылары аркылуу ѳзүн ѳзү каржылап, иш жүргүзүп келет. Ошол үчүн аталган билим берүү мекемесиндеги  билим берүүнүн сапаты жогору, аны эл аралык олимпиадалардын кѳрсѳткүчтѳрү тастыктап келатат.

Ушинтип айтсак, максатыбызга жетебиз дегенби, ким билсин, Кайрылууда ошондой эле «Сапаттын» бүтүрүүчүлѳрү Түркияда иштей, жашай албай турганын, алар үчүн аталган ѳлкѳ жабык экенин белгилептир. Бул жаңылык деле эмес, муну кѳпчүлүк билет. Сапатчылар үчүн жашоо Түркия менен чектелбейт. Түркияга бара албаганы менен АКШ, Европада билим алышып, ири компанияларда ийгиликтерге жетишип,  ѳз ордуларын таап келишүүдѳ.

Эми Түркия элчилигинин «Сапаттын» ишин токтоткула деген тариздеги Кайрылуусуна президент С. Жапаров, Министрлер кабинети кандай жооп кылат? «Сапаттын» тагдырын ѳзүбүз чечебиз, саясатыңарды бизге таңуулабагыла, «Сапат» биздин жаштарга сапаттуу билим, таалим-тарбия берип келатат. Билим берүү мекемесинин ишмердигинен мыйзамсыз, экстремисстик эч нерсени кѳргѳн жокпуз.  Силердин талабыңарды аткара албайбыз, ѳлкѳбүздүн ички ишине кийлигишпегиле» деген дипломаттык тариздеги  жоопту  бере алышабы?  Же Түркия бийлигинин жетегинде, басымында калып, «Сапатты» садага чабышканга барышабы?

Ал жѳнүндѳ сѳз болушу мүмкүн эмес. Ѳлкѳ башчысы улуттук кызыкчылыкты кѳздѳгѳн, ар-намыс, кадыр-баркыбызды тебелетпеген  чечим кабыл алып, Түркиянын үстѳмдүк кылуу саясатына  татыктуу жооп берет деп ишенели. Бир ѳлкѳнүн айткан, дегенин аткара берсек, анда эмнебиз суверендүү, эгемендүү ѳлкѳ?

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button