Коом

Министрлик: 9-11-класстардын бүтүрүүчүлөрү экзамендерге катышпайт

9- жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик сынактарды тапшыруу форматы быйыл да былтыркыдай өткөрүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин мектептик, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы башкармалыгынын башчысы Марат Усеналиев билдирди.

Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо 2-июндан 13-июнга чейин өткөрүлөт.

Усеналиевдин айтымында, министрлик түзгөн убактылуу жобого ылайык, ар бир мектепте ар бир предмет боюнча предметтик комиссиялар түзүлөт. Алар бүтүрүүчү класстын окуучусунун текшерүү, практикалык, лабораториялык иштеринин жыйынтыктарын жана чейректик, жарым жылдык, жылдык жетишүүсүн эске алуу менен жыйынтыктоочу экзамендик бааны коюшат.

Ошентип, бүтүрүүчүлөр сынактарга таптакыр катышпайт.

Усеналиев баалар кантип коюларын айтып берди.

«Эгер 1-чейректе баа «5», 2-чейректе «3», 2-чейректе «4» жана 4-чейректе «3» болсо, ал бааларды кошуп, чыккан санга бөлөбүз, ошондо орточо баа чыгат. Эгер, мисалы, «3,4» болуп калса, анда баа окуучунун пайдасына чечилет, тагыраагы, «4» деген баа коюлат. Экзамендин бааларын класс жеткчилер ошол эле күнү билдиришет», — деп түшүндүрдү ал.

Жободо айтылгандай, эне тили предмети боюнча 2 баа коюлат — эне тили жана адабияты.

Эгер окуучу же алардын ата-энелери (же аларды алмаштыруучу жактар) жалпы мамлекеттик аттестацияда коюлган баага макул эмес болсо, апелляциялык комиссияга кайрыла алат. Апелляциялык комиссия жобого ылайык, арызды карап чыгат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button