Коом

Бишкекте айрым автобустардын кыймыл схемалары өзгөртүлөт

Бишкекте кээ бир автобустардын кыймыл схемалары өзгөртүлдү. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты.

Борбор калаада Айтматов проспектисинин бир бөлүгү реконструкцияга жабылганына байланыштуу №55, №56 жана №8 автобустун кыймыл схемалары өзгөртүлөт.

Маалыматта белгиленгендей №55 автобусунун кыймыл багыты төмөнкүчө жүрөт:

Д. Садырбаев – А. Масалиев көчөсү – Тыналиев – И. Ахунбаев көчөсү;

№8 автобустун кыймыл багыты:

И. Ахунбаев – Тыналиев көчөсү – А. Масалиев – Д. Садырбаев көчөсү;

Ал эми №56 автобусу А. Масалиев жана Д. Садырбаев көчөлөрү аркылуу жүрөт.

Мэрия шаар тургундарын жана айдоочуларды келтирилген убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт. Реконструкция канчага созулары азырынча белгисиз.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button