Коом

Жол кырсыктары көп катталган Масалиев проспектисиндеги «зебра» өчүрүлдү

Бишкек шаарынын Абсамат Масалиев көчөсүндөгү жөө адамдар өтө турган жөө өтмөк (зебра) өчүрүлдү. Бул тууралуу шаардын мэриясы билдирди.

«Бишкекасфальтсервис» ишканасынын адистери жөө өтмөктүн белгилерин өчүрүп, анын бөлүүчү тилкесине темир тосмолорду орнотушкан.

Мэрия бул чечим аталган тилкеде айдоочулардын жол эрежелерин сактабагандыгы жана мунун айынан болгон көптөгөн жол-кырсыктары негиз болгонун билдирди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button