
Калаа милициясы узаган жылдын соңунда 39 жаштагы киши кармалганын билдирди. Ал Казакстанда каржы пирамидасын түзүүгө айыпталып, камакка алуу чечими сыртынан чыккан. Шектүү качантан бери Кыргызстанда жашынып жүргөнү айтылган жок.
ШИИБдин маалыматы боюнча ал кыргызстандык паспортту мыйзамсыз алып, бир нече жолу колдонгон. Документти берүүгө жардамдашкан деп Калкты тейлөө департаментинин кызматкери шектелүүдө.
Коңшу өлкөлүк “конок” Бишкекте жүрүп да соттолууга жетишкен, ага баңгизат сактаганы үчүн 150 миң сом айып салынган.



