Коом

Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт

24-апрелде Бишкектин бир бөлүгү суусуз калат. Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн, саат 09:00дөн 00:00гө чейин төмөнкү көчөлөр менен чектешкен аймакта суу өчүрүлөт:

Ч. Айтматов проспектиси — Л. Толстой көчөсү (РКИБ инфекциялык ооруканасынын батыш тарабы) — Кулатов көчөсү — Игембердиев көчөсүнүн түштүк тарабы, Кулатов көчөсү- Панфилов көчөсү — М. Горький — көчөсү, Минина көчөсү — Пожарский көчөсү — М.Горький көчөсү — Ч. Айтматов проспектиси;

Манас проспектиси — Ж.Бөкөнбаев көчөсү — Н.Исанов көчөсү — темир жол линиясы;

Ч. Айтматов проспектиси — Балагулов көчөсү — Юдахин көчөсү — Алтымышев көчөсү — Матыев көчөсү — Л.Толстой көчөсү.

Суу диаметри 400 мм болгон Кара-Суу суу түтүгүн авариялык оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button