УКМК: «Базар-Коргон суу канал» муниципалдык ишканасынын жетекчилиги абоненттердин акчасын ыйгарып алгандыгы үчүн кармалды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, КР УКМК Жалал-Абад облустук Башкы башкармалыгы тарабынан, «Базар-Коргон суу канал» муниципалдык ишканасынын кызмат адамдарынын, абоненттерден алынган акча каражаттарды ич ара ыйгарып алуу боюнча туруктуу коррупциялык схема аныкталды.
Аталган иш-кананын директору А.К.Э., башкы инженер С.Ш.З. жана техникалык адис Ж.А.Ж. шаардын авариялык делген суу түтүктөрүн оңдоо жана алмаштыруу керек деген шылтоо менен инспекторлордон мыйзамсыз акча чогултуп, чогулган каражаттарды өз ара ыйгарып жүрүшкөн. Андан соң, жасаган кылмыштуу аракеттерин жаап жашыруу максатында, акча каражаттарын жалган, фиктивдүү ыкмаларды колдонуу жолу менен эсептен чыгарып турушкан.
2025-жылдын 21-апрелинде ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында, аталган адамдар кармалып, КР УКМКнын тергөө абагынын УКЖсына киргизилген.
Учурда мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо үчүн «Базар-Коргон суу канал» муниципалдык ишканасынын каржы-чарбалык ишмердүүлүгүнө аудитордук текшерүү иштери дайындалды.



