Коом

Улуу Жеңишке 80 жыл: Алыкул Абдраимовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты келди, бирок ал башынан жаракат алып аман калып, күрөшүн улантты

9-майда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы белгиленет.

Чүй облустук сотунун кызматкери Жыпара Абдраимова Алыкул Абдраимовдун чоң атасы тууралуу айтып берди.

«Бул Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Ой айыл өкмөтүнүн тургуну, жоокер Алыкул Абдраимовдун фронттук басып өткөн жолу, эрдиги жана тагдыры тууралуу жандуу окуя.Оор жараат, кайра жашоо, согуш жолу, эскерүүлөрү жана Жеңиштен кийинки мекенине кайтуу.

Алыкул Абдраимов 1925-жылы туулган. 1943-жылы согуш жүрүп жаткан кезде Кызыл Армиянын катарына чакырылган. 1944-жылы анын үй-бүлөсүнө каза болгондугу тууралуу кабар келип, бирок 1946-жылы Алыкул Абдраимов тирүү кайтып келген.

Көрсө, Алыкул Абдраимов согушта оор жарадар болгон: башына ок тийип, дарыгерлер да манжасын кесип салууга аргасыз болгон. Айыгып кеткенден кийин Кызыл Армиянын жоокери фронтко кайтып келген.

1947-жылы кайтып келгенден кийин Алыкул Абдраимов Нарын облусунун Жумгал районуна мугалим болуп ишке орношуп, 1955-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Ж.Баласагын атындагы КУУнун) юридикалык факультетине тапшырган. 1960-жылы университетти аяктап, судья, кийин Тоң, Жети-Өгүз, Талас райондорунун сотторунун төрагасы болуп иштеген. Алыкул Абдраимов 1991-жылы согушта алган жараатынан ден соолугунун начарлашына байланыштуу ардактуу эс алууга чыккан.

1984-жылы «Эрдик үчүн» медалы табылып, Алыкул Абдраимовго ыйгарылган. Мындан тышкары, башка медалдар, анын ичинде «Кенигсбергди алганы үчүн» жана «Ата Мекендик согуш, 2-даражадагы» медалдары менен сыйланган. Алыкул Абдраимовго да Иосиф Сталинден куттуктоо келип түшкөн. Ал көптөгөн ведомстволук сыйлыктарга ээ болгон.

Тектеш кабарлар

Back to top button