Коом

Тилекмат Күрөңовду сотко эмне үчүн балдак менен келди?

Камактагы активист Тилекмат Кудайберген уулу (Күреңов) Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна алынып келинип жатканы тартылган видео интернетке тарады. Кадрларда анын аксап, таяк менен ары-бери басып жүргөнүн көрүүгө болот. Мындан тышкары, анын бетинде медициналык беткап бар. Интернет колдонуучулар активистти коопсуздук кызматы ур-токмокко алганын божомолдоп айтышкан.

Тилекматтын жактоочусу Кудайберген уулу 24.kg агентигине билдиргендей, анын кардарын эч ким сабаган эмес. Соттолуучу күчөп кеткен эски грыжадан улам аксап жатат жана ал дарыланып жатат. Жактоочу активистти эч ким сабабаганын, тергөө мыйзам чегинде жүрүп жатканын билдирди.

Тектеш кабарлар

Back to top button