Коом

Бишкектин мурдагы вице-мэри Мирлан Амантуров кармалды

Бул тууралуу ММК булактарында жазылууда.

Маалыматта айтылгандай, Бишкектин мурдагы вице-мэри Мирлан Амантуров кармалганын бизге ишенимдүү булактар кабарлады деп жазылат.

Чүй ОИИБинин расмий маалыматында, ал «М» ЖЧКсынын директору экени айтылат. Амантуров Лебединовкадагы соода-логистикалык жайдын жолун жасап берем деп бирөөнүн 90 миллион сомдук мүлкүн менчиктеп алууга шектелүүдө.

Милиция мурунку вице-мэр мүлктүн баарын сатып жибергенин билдирди. Кылмыш иши коомдо кызуу талкуу жаратып, создуктурууга жана жабууга аракеттер болгону кошумчаланды.

Булак: «Спутник-Кыргызстан»

Тектеш кабарлар

Back to top button