Коом
Эверест чокусун багынткан кыргыз кызы Асель Байбагышева эртең Кыргызстанга келет

Кыздардын арасынан эң алгачкылардан болуп Эверест чокусун жана бир нече 8000 метрлик чокуларды багынткан мекендешибиз Асель Байбагышева эртең 17-майда, саат 08:55те, Бишкек шаарына келет.
Бул тарыхый ийгиликти баалап, баатыр кызды жогорку урмат менен тосуп алуу үчүн атайын салтанаттуу иш-чара уюштурулууда. Асель Байбагышеваны аэропорттун ВИП залынан тосуп алуу аземи, журналисттер үчүн кыскача брифинг, шаарга чейин салтанаттуу коштоп баруу жүрүшү пландалууда.
-Бардык каалоочуларды жана ММК өкүлдөрүн бул маанилүү окуяга катышууга чакырабыз. Бул — кыргыз альпинизминин жана кыз-келиндердин ийгилиги, — деп айтылат уюштуруучулар берген маалыматта.





