Коом

Нарын шаарында жаңы аллея пайда болот

Шаардык мэриядан билдиришкендей, өткөн жылы Нарын дарыясынын жээгине салынган М.Сыдыков аймагындагы аллеяны улаган дагы бир инфраструктуралык долбоор ишке ашырылат.

Аталган долбоор дарыянын түштүгүнө, шаардын 64-аймагына салынаары белгилүү болду.

Учурда Нарын курулуш мамлекеттик ишканасы тарабынан аталган долбоордун эскиздик чиймеси даярдалып, анда аллеядан тышкары, фото зоналар, жашыл аймактар, коопсуз жана көрктүү дизайндагы эс алуу аянттары жайгашары айтылат.

Долбоор республикалык бюджеттен Нарын шаарын өнүктүрүгө бөлүнгөн каражаттын эсебинен жаз айларында курулуп баштайт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button