Коом

Мектеп жетекчилери үчүн «Трансформациялык лидерлик жана инновацияларды башкаруу» тренинги башталды

Жетимиш эки сааттык кесиптик өнүгүү онлайн-курсунун темасы: «Билим берүүнүн сапатын башкаруу жана мугалимдердин үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүсүн колдоо».

Курс инновациялык жана пилоттук мектептердин жетекчилери, райондордун жана шаарлардын билим берүү бөлүмдөрүнүн методисттери, облустук методикалык борборлор, ошондой эле педагогикалык кызматкерлерди квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институттарынын адистери үчүн уюштурулган.

Тренингге жалпы эсеп менен болжол менен 200 адам катышууда.

Иш-чаранын максаты – инновациялык мектептердин жетекчилигинин лидердик жана педагогикалык потенциалын бекемдөө, мугалимдердин үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүсүн (ҮКӨ) натыйжалуу пландоо жана ишке ашыруу үчүн устат жана менторлук инструменттерин колдонуу.

Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар мугалимдердин үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүсүн уюштуруунун негизги ыкмаларын карап чыгышат, мугалимдердин кесиптик муктаждыктарын диагностикалоо инструменттерин үйрөнүшөт, ошондой эле кесиптик өсүү процессинде педагогдорду коштоо жана колдоо механизмдерин талкуулашат.

Мугалимдин кесиптик компетенцияларына дескрипторлор, педагогикалык ишмердүүлүктү өзүн-өзүн баалоо барактары, сабактарды байкоо жана конструктивдүү пикир берүү өңдүү практикалык инструменттерге өзгөчө көңүл бурулган. Практикалык бөлүк мектептердин командалык ишинин формасында өтүп, катышуучулар ҮКО инструменттерин апробациялап, пайда болгон суроолорду жана кыйынчылыктарды талкуулайт.

Тренингдин соңку этабында облустук топтордо апробациянын натыйжаларын талкуулоо, жыйынтык жана сунуштарды презентациялоо сессиясы болот.

Тренингдин жыйынтыгында жетекчилер жана методисттер мугалимдердин кесиптик муктаждыктарын диагностикалоо, жеке жана жалпы мектептин ҮКО планын иштеп чыгуу жана аны 2026–2027-жылдарга инновациялык мектептерди өнүктүрүү пландарына кошуу боюнча практикалык тапшырмаларды алышат.

Иш-чара Агартуу министрлигинин «Секторду өнүктүрүү долбоору: мектеп билим берүүнү реформалоо» долбоору тарабынан уюштурулган.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button