Коом

Өлкөнүн ашууларында каттам үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө

Бүгүн саат 09:00гө карата баардык унаа жолдордо жана ашууларда каттам үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасы кабарлады.

Бишкек – Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда, Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолундагы Сөөк ашуусунда, Каракол – Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашуу ашуусунда, Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолундагы Долон, Чар, Ак-Бейит, Кубакы ашуулары жана Боом капчыгайында күн бүркөк, жол кыймылы үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда күн бүркөк, каттам бар.

Жолчулар тарабынан бардык унаа жолдордо жана ашууларда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тиешелүү иштер күнү-түнү жүргүзүлүүдө.

«Айдоочулардан кышкы жол шарттарын эске алып, унааны кышка ылайык даярдап, кышкы дөңгөлөктөрдү колдонуп, керектүү шаймандарды ала жүрүүнү жана жол кыймылынын эрежелерин так сактоону өтүнөбүз», — деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Back to top button