Балыкчы шаарындагы «Жоогазын» бала бакчасында мөөнөтү өткөн азыктар табылды

Бүгүн, 22-январда, Балыкчы шаарынын мэри Баатырбек Жантаев тургундардан түшкөн көптөгөн арыздардын негизинде «Жоогазын» бала бакчасына күтүүсүз рейд менен барды. Бул тууралуу аталган шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, текшерүүнүн жүрүшүндө үрөй учурган фактылар ачыкка чыккан.
Тендер аркылуу ИП Мырзабек кызы Нурзат жеткирген азык-түлүктөрдүн дээрлик бардыгынын колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен. Бул балдардын ден соолугуна түздөн-түз коркунуч келтирет. Бала бакчанын директорунун айтымында, тендердик ишкана товарларды коштомо кагазы (накладной) жок эле таштап кетчү. Бала бакчанын кызматкерлери документтерди алыш үчүн өздөрү дүкөнгө барууга мажбур болушкан, бул одоно мыйзам бузуу болуп саналат.

«Калаа башчысы бул кырдаалды жеке көзөмөлүнө алды. Балдардын коопсуздугуна кайдыгер караган жана мыйзамсыз аракеттерге жол берген тараптар мыйзам чегинде катуу жоопко тартылат. Мындай кайдыгерликке жол берилбейт», — деп айтылат билдирүүдө.




