Казакстандын атактуу альпинисти Максүт Жумаев Кыргызстандагы туризм тууралуу жылуу пикирин билдирди

Кечээ министирлер кабинетинин төрагасы жана президенттин админстрациясынын жетекчиси Адылбек Алешович Касымалиев баштаган өкмөт мүчөлөрү жана министирлердин Ала-Арча капчыгайына барып, тоого чыкканы кошуна өлкөлөрдүн жарандарынын көңүл чордонунда болду. Төмөнкү сүрөттөрдүн биринде, Казак элинин жана дүйнөлүк альпинизмдин уламышына ( легендасына) айланган, атактуу альпинист Максут Жумаев, өзүнүн инстаграм баракчасында бөлүшүп, Казакстан өкүмөт башчысын тоого чакырып, белгилеп кетти.

Максут Жумаев дүйнөнүн 8000 метрден бийик 14 тоосуна кычкылтексиз чыккан чыгаан жана дүйнөгө атагы чыккан альпинист.
Биз ар дайым “Туризм Кыргыз экономикасынын негизи, келечеги” деп айтып келебиз . Биздин өкмөт башчынын тоого чыгып, туристерге жана жарандарга кайрылуусу абдан сонун иш чара.

Кыргыз бийлигине да чоң өтүнүч!
Ушундай иш чараларды колдон келишинче көбүрөөк өткөрүп, бул багытка көңүлүңүздөрдү дагы көбүрөөк бөлүңүздөр,- деп жазууда социалдык тармактын колдоочулары.
Кыргызстандагы тоо туризми тууралуу интернет колдонуучулар жылуу пикирлерин жазууда.



