Окуялар

Сокулукта 20 гектар болгон жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Видео

УКМК тарабынан сотко чейинки текшерүүнүн материалдарынын алкагында Сокулук айыл өкмөтүнүн Айыл чарба багытындагы жерлердин мамлекеттик фондусуна тиешелүү болгон аянты 20 гектар жер тилкеси аныкталган. Бул жер тилкеси жерди пайдалануу укугу жөнүндө №257 мамлекеттик актынын негизинде белгисиз адамдардын пайдалануусунда болуп келген.

Ошол эле учурда аталган жер тилкеси 1992-жылдан бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттик каттоо органдарынын маалымат базаларында катталбаганы аныкталып, ошондой эле бул жер үчүн ижара акысы төлөнгөн эмес.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында жалпы аянты 20 гектар болгон жер үлүштөрү мамлекеттин балансына кайтарылды.

Тектеш кабарлар

Back to top button