Окуялар

Караколдо жашы жете элек кыздарды сойкулукка мажбурлап жүргөн жаран кармалды

Караколдо жашы жете элек кыздарды сойкулукка мажбурлап жүргөн жаран кармалганын шаардык милиция билдирди.

Маалыматта 16 жаштагы кыз шектүү тарабынан 30 жаштагы “кардарга” интимдик кызмат көрсөтүүгө мажбурланып жаткан жеринен токтотулуп, тергөөгө жеткирилгени айтылат. Кыз мыйзамдуу өкүлүнүн катышуусунда суралып, ал мындай аракеттер Б.Н. тарабынан мажбурлоо жолу менен системалуу түрдө уюштурулуп келгендигин билдирген.

Ошондой эле “кардар” мурда да Б.Н. менен мессенджер аркылуу байланышып жүргөнү аныкталган. Жазышууда шектүү ага өспүрүм кыздарды интимдик кызмат үчүн сунуштап жүргөнү билинген.Кыздардын биринин өздүгү аныкталып, ал дагы тергөөдө сойкулук кылууга мажбурланып жүргөнүн айткан.

31 жаштагы шектүү камакка алынып, тергөө уланып жатканы кошумчаланды.

Тектеш кабарлар

Back to top button