Саясат

Садыр Жапаров жарандарды мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алууга чакырды

Министрлер кабинети Кыргыз фондулук биржасынын аянтчасында калк үчүн жылдык 17 пайыздык киреше менен мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштырды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Мамлекет башчысы белгилегендей, эми ар бир жаран аларды мобилдик тиркеме аркылуу сатып ала алышат.

“Ар бир жаран мамлекеттик баалуу кагаздарды «MegaPay» мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн режиминде оңой эле сатып ала алат. Жалпак тил менен айтканда, финансылык мекемелерге барып, убакыт коротпой эле, ар кандай документтерди толтуруп убара болбой эле инвестиция жасай алат. Салган акча каражаты эки жылдан кийин толугу менен кайтарылат. Ошол эле учурда жарандар жылына 17 пайыз өлчөмүндө киреше алып турушат. Киреше төлөмдөрү ар үч ай сайын, башкача айтканда квартал сайын төлөнүп берилет”, — деди президент.

Садыр Жапаров мисал келтирип, бир жаран 100 миң сомдук баалуу кагаз сатып алса, эки жыл ичинде 34 миң сом пайыздык киреше аларын айтты. Бул каражат квартал сайын 4 миң 250 сом өлчөмүндө төлөнүп турат. Ошентип эки жылдын соңунда салынган 100 миң сом 134 миң сомго айланат.

Тектеш кабарлар

Back to top button