Коом
Кайрат Турсункулов тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды

Турсункулов Кайрат Эркинович тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды.
Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Турсункулов Кайрат Эркинович 1985-жылдын 23-майында төрөлгөн.
2009-жылдан бери Тышкы иштер министрлигинин тутумунда эмгектенип, стажёрдон тартып Мамлекеттик протокол департаментинин директоруна чейинки кызмат жолун басып өткөн.
Ошондой эле өкмөттүн аппаратында жана Кыргызстандын Германиядагы, Австриядагы жана Бельгиядагы элчиликтеринде иштеген.
1-класстагы кеңешчи дипломатиялык рангына ээ. Англис жана немис тилдерин билет.



