Коом
Индия Кыргызстанга онкологиялык ооруларды дарылоодо колдонулуучу жабдык берет

Индия Кыргызстанга онкологиялык ооруларды дарылоодо колдонулуучу «Сиддхарт II» жабдуусун берет. Бул тууралуу Индиянын элчилигинде Республиканын 77 жылдыгына арналган кабыл алууда айтылды.
Бул жабдык Кыргызстандагы онкологиялык кызматтын техникалык базасын күчтөнтөт.
«Эки тарап биргеликте ырааттуу тездеткичти орнотуу үчүн керектүү процедуралардын үстүндө иштеп жатат. Аны менен катар керектүү курулуш иштери да жүргүзүлүүдө», — деп билдиришти элчиликтин өкүлдөрү.
Ошондой эле Бишкектеги Улуттук онкология жана гематология борборунда мурда белекке берилген Bhabhatron II аппаратынын кобальт-60 булагын алмаштыруу пландалууда.



