Коом

Досмамбетов: 500 млн сом “Эл Аман” дарыкана тармагын өнүктүрүүгө жумшалат

Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасынын жамаатына жаңы жетекчи Болот Жунусовду тааныштырып жатып, калк үчүн дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүнө басым жасоо менен “Эл Аман” дарыкана тармагын жана логистикасын масштабдуу реструктуризациялоо тууралуу пландарын айтты.

Анын айтымында, жакынкы убакытта “Кыргызфармация” 2 млрд сом өлчөмүндө мамлекеттик насыя алууну пландаштырууда.

“Бул сумманын 500 млн сому “Эл Аман” дарыкана тармагын колдоого жана өнүктүрүүгө жумшалат. Негизги милдет — жарандарды чындап жеткиликтүү жана сапаттуу дары-дармектер менен камсыз кылуу”, — деди министр.

Тектеш кабарлар

Back to top button