Коом
Өзгөндө сот 550 миң сом өлчөмүндө алименттик карызды өндүрдү

Өзгөндө Сот аткаруучулар кызматы 550 миң сом өлчөмүндөгү алименттик карызды өндүрдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Өзгөн райондук Сот аткаруучулар кызматынын өндүрүшүндө турган алимент өндүрүү боюнча иштин алкагында Ийри-Суу айыл аймагынын тургуну К.Ш. Г. тарабынан К.к. И. жарандын пайдасына 1/3 бөлүгүндө алимент өндүрүү каралган.
Бирок, акыркы жылдары төлөнбөй келген 550 миң сом өлчөмүндөгү алименттик карыз толугу менен накталай түрдө өндүрүлүп, жөлөк пул алуучуга мыйзамдын талаптарына ылайык өткөрүлүп берилди.



