Коом

Минкаб аскердик кызмат үчүн төлөмдөрдү олуттуу көбөйтүүнү пландаштырууда

Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында депутаттар Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө жана Укук бузуулар жөнүндө кодекстерине, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын жарандарын жалпы аскердик милдеттенме, аскердик жана альтернативдик кызмат өтөө жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү талкуулашты.

Мыйзам долбоору менен учурдагы мыйзамдарда каралган төмөнкү төлөмдөрдүн өлчөмдөрүн алып салуу сунушталууда:

альтернативдик кызмат өтөө — 18 миң сом;

мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүү — 50 миң сом;

аскердик кызматка чакыруудан бошотуп, экинчи категориядагы запаска киргизүү — 25 миң сом.

Бул суммалардын ордуна республикалык бюджетке түшүүчү акчалай төлөмдөрдүн өлчөмүн Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети аныктайт деп белгилөө сунушталууда.

Ошондой эле мыйзам долбоору менен аскердик каттоонун эрежелерин бузган аскерге милдеттүү жарандарга же чакырылуучуларга салынуучу айып пулду 10 эсеге жогорулатуу каралган — 1 миң сомдон 10 миң сомго чейин.

Мындан тышкары, мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда. Анда учурдагы экономикалык өсүштү жана инфляцияны эске алуу менен төлөмдөрдү олуттуу көбөйтүү каралат:

альтернативдик кызмат өтөп, мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүүнү каалаган 22 жаштан 40 жашка чейинки жарандар үчүн — 75 миң сом;

биринчи категориядагы запаска кирген, 30 жашка чейинки аскерге милдеттүү жарандарга, запас офицерлерин даярдоо программасы боюнча мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүп, офицердик биринчи аскердик наам алууну каалагандар үчүн — 90 миң сом;

үй-бүлөлүк жагдайлар боюнча альтернативдик кызматка чакырылган жарандар үчүн — 25 миң сом;

саламаттыгынын абалына байланыштуу чектөө даражасы бар жана альтернативдик кызматка чакырылган жарандар үчүн — 40 миң сом;

25 жаштан жогору болуп, аскердик же альтернативдик кызмат өтөбөгөн жана мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүүнү каалабаган жарандарды экинчи категориядагы запаска киргизүү үчүн — 50 миң сом.

Депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, коргоо министринин орун басары Таалайбек Шаршеев 2024-жылы мыйзамда көрсөтүлгөн бардык төлөмдөрдүн эсебинен республикалык бюджетке 1 миллиард 200 миллион сом түшкөнүн билдирди. Анын ичинен Коргоо министрлигине болжол менен 700 миллион сом которулган.

Тектеш кабарлар

Back to top button