Коом

Минкаб чет элдик номерлүү автоунааларды легалдаштырууну узартпайт

Министрлер кабинети чет элдик номерлүү автоунааларды легалдаштырууну узартпайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев билдирди.

Жыйында депутат Марлен Маматалиев сөз сүйлөп, легалдаштыруудан бюджетке 1,8 миллиард сом түшкөнүн белгиледи.

«Бирок айрым жарандар легалдаштыруудан пайдаланып үлгүрбөй калышты. Үлгүрбөй калгандардын тизмесин Экономика министрлигине өткөргөм, бирок ал жактан дароо баш тартышты. Ошондуктан бул маселени карап чыгып, легалдаштырууну узартууга эмне үчүн болбосун», — деди Марлен Маматалиев.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын айтымында, автоунааларды кайрадан легалдаштыруу болбойт.

«Бул — министрлер кабинетинин так позициясы. Анткени айдоочуларга жетиштүү убакыт берилген, Мамлекеттик каттоо кызматында терезелер ачык иштеп турган. Бирок жарандар жоопкерчиликсиз мамиле кылышты. Бул тема ЕАЭБ алкагында чоң талаш жаратты. Эгер легалдаштырууну узарта турган болсок, уюмдагы өнөктөштөр бизге контрабандага жол берип жатабыз, ЕАЭБдин жалпы бюджетине төлөмдөр жүргүзүлбөй жатат деп доо коюшат. Ошондуктан автоунааларды кайрадан легалдаштыруу маселеси жабык», — деп кошумчалады Данияр Амангельдиев.

Тектеш кабарлар

Back to top button