Коом

УКМК:  Кадамжай районунун Молдо Нияз аймагындагы айыл чарба имараты мамлекетке кайтарылды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Молдо-Нияз аймагындагы айыл чарба имараты жана башка кошумча курулуштар мамлекетке  кайтарылып алынды

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен жерлерди мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан тиешелүү иш-чаралардын алкагында Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Молдо-Нияз аймагындагы дан, мөмө-жемиштерди кургатуу жана башка айыл чарба өсүмдүктөрүн сактоо үчүн курулган айыл чарба имаратын жана башка кошумча курулуштары менен жалпы аянты 0,86 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылып алынды.

2000-жылдары жалпы аянты 0,86 га түзгөн жер участогун жана анын ичинде айыл чарба өсүмдүктөрүн сактоо үчүн курулган кампалары менен кошо, мыйзам талаптарына каршы келип, жеке тарапка тиешелүү иш-кагаздарысыз чыгарылып алынган.

Жүргүзүлгөн тергөө жана ыкчам оперативдик иш-чаралардын натыйжасында, жагдай боюнча мыйзам бузуулар жоюлуп, дан, мөмө-жемиштерди кургатуу жана башка айыл чарба өсүмдүктөрүн сактоо үчүн курулган айыл чарба имараты, кошумча курулуштары менен, , жалпы аянты 0,86 га жер тилкеси толугу менен мамлекеттин балансына кайтарылды.

Тектеш кабарлар

Back to top button