Коом
Таш-Көмүр шаарында цемент заводу курулат

Таш-Көмүр шаарында цемент заводунун курулушу боюнча инвестициялык макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлады.
Маалыматка ылайык, макулдашуу министрлер кабинети менен «Юг Евро Цемент» ЖЧКсынын ортосунда түзүлүп, документке президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев жана компаниянын жетекчиси кол койду.
Инвестициялык долбоордун алкагында Таш-Көмүр шаарында буга чейин башталган цемент заводунун курулушун толук аяктап, ишке берүү каралган. Долбоордун жалпы наркы 50 млн доллардан ашат. Завод пайдаланууга берилгенден кийин 250гө жакын жаңы жумуш орундары түзүлмөкчү.



