Коом

Окуучулардын жазгы каникулу кыскарды

Жазгы каникулда окуучулар бир эле күн эс алат. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин 2025-2026-окуу жылынын мектептик каникулдарынын графигинде көрсөтүлгөн.

Ага ылайык, окуучулар 6-мартта окубайт. Ал эми 7-8-март дем алыш күндөргө туш келгендиктен сабактар болбойт. Окуу процесси кайра 9-марттан тартып улантылат.

Ошондой эле майдагы майрам күндөрүнө байланыштуу мектептер да 1-10-майда иштебейт. Сабактар 11-майда башталат.

Тектеш кабарлар

Back to top button