Коом

2026-жылы Россия Кыргызстанга 1,5 миллион тонна күйүүчү-майлоочу материалдарды жеткирүүнү пландоодо

2026-жылы Россия Кыргызстанга 1,5 миллион тонна күйүүчү-майлоочу материалдарды (КММ) жеткирүүнү пландап жатат. Бул тууралуу РФнын Бишкектеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Сергей Вакунов билдирди.

Анын айтымында, 2026-жылга карата жеткирүүлөрдүн индикативдик балансы буга чейин 2025-жылдын деңгээлинде макулдашылган.

Ага төмөнкүлөр кирет:

  • 650 миң тонна бензин;
  • 550 миң тонна дизелдик отун;
  • 150 миң тонна реактивдүү кыймылдаткычтар үчүн отун;
  • 50 миң тонна нефть;
  • 60 миң тонна мунай битуму.

Дипломат белгилегендей, Кыргызстандын муктаждыгына жараша жеткирүүлөрдүн көлөмүн өзгөртүү мүмкүнчүлүгү да каралган.

Тектеш кабарлар

Back to top button