Коом

Кыргызстанда алгачкы жолу туристтердин коопсуздугу камсыздандырылды

Кыргызстанда алгачкы жолу мамлекеттик деңгээлде туристтердин коопсуздугун камсыздоо максатында ири суммадагы камсыздандыруу ишке ашырылды. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан кабарлашты.

Маалым болгондой, «Нарын – Кыш керемети» пресс-турунун алкагында чет өлкөдөн жана өлкө ичинен келген 38 катышуучу үч күндүк мөөнөткө жалпысынан 3 млн 800 миң сомго камсыздандырылды.

Бул демилге Нарын облусунун кооз жаратылышын, бай тарыхый-маданий мурастарын жана туристтик мүмкүнчүлүктөрүн кеңири таанытуу максатында уюштурулган. Иш-чарага Кытай, Өзбекстан, Казакстандан келген журналисттер, блогерлер жана туризм тармагынын эксперттери катышууда.

«Нарын – Кыш керемети» пресс-турунун негизги өнөктөштөрүнүн бири Мамлекеттик камсыздандыруу уюму болду. Иш-чарага уюмдун төрагасы Элдияр Калдарбеков катышып, чет өлкөдөн келген туристтер жана журналисттер менен жолугушуп, Нарын облусунун туристтик потенциалы тууралуу маалымат берди.

Тектеш кабарлар

Back to top button